Кыргызстандык "Кайрос" тобу россиялык телешоунун 1-этабында утуп чыкты. Видео

© Фото / YouTube / СТС Кыргызстандык "Кайрос" тобу россиялык телешоунун 1-этабында утуп чыкты
Кыргызстандык Кайрос тобу россиялык телешоунун 1-этабында утуп чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Жазылуу
Эми суперфиналда Бишкектен барган музыканттар 5 миллион рубль үчүн ат салышат.
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандык "Кайрос" тобу Россиянын СТС телеканалындагы "Каверлер таймашы" шоусунун биринчи этабынын жеңүүчүсү аталды.
Бишкектен барган музыканттар 500 миң рубль сыйлык алып, андан ары суперфиналда 5 миллион рублди утуу үчүн ат салышууга жолдомо алды.
"Кайрос" биринчи раундда Эминемдин стилинде "Зацепила" ырын аткарды, экинчи раундда Жеймс Браундун стилинде "Потеряли пацана", үчүнчүсүндө Миягинин стилинде "Младший лейтенант" чыгармасын ырдаган. Жыйынтыгында көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү кыргызстандык топту мыкты деп атады.
Россиялык блогер Лариса Булина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Россиялык блогер Кыргызстанды эл аралык туристтик көргөзмөдө жарнамалады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0