Ош шаарында россиялык музыканттардын өзгөчө кечеси өтөт

© Фото / пресс-служба Русского дома в Бишкеке"Реликт" триосу
Реликт триосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
Жазылуу
Иш-чарада классикалык чыгармалар, орус улуттук ырлары жана хор аткарылат.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Музыканын тилинде" аталышындагы эл аралык маданий долбоор өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) маалымдады.
Билдирмеге караганда, долбоор Россиянын Маданият министрлиги жана Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулууда. Иш-чара 5-апрелде саат 18:00дө башталат.
© Фото / пресс-служба Русского дома в Бишкеке

"Россия" ансамблинин солисттеринен турган квинтет

"Россия" ансамблинин солисттеринен турган квинтет - Sputnik Кыргызстан
1/2

"Россия" ансамблинин солисттеринен турган квинтет

© Фото / пресс-служба Русского дома в Бишкеке

Сретенск монастыры мырзалар хору

Сретенск монастыры мырзалар хору - Sputnik Кыргызстан
2/2

Сретенск монастыры мырзалар хору

1/2

"Россия" ансамблинин солисттеринен турган квинтет

2/2

Сретенск монастыры мырзалар хору

Классикалык номерлерди "Реликт" триосу жана скрипкачы Ирина Павлихина аткарат. Орус улуттук ырлары улуттук аспаптардын коштоосунда "Россия" ансамблинин солисттеринен турган квинтет жана Россия эл артисти Надежда Крыгинанын аткаруусунда жаңырат. Кеченин кульминациялык бөлүгүндө 1397-жылы түзүлгөн, дүйнөгө белгилүү Сретенск монастыры мырзалар хору сахнага чыгат.
Кечеге келгендер чакыруу билети менен киргизилет. Каалоочулар билеттерди Ош шаарындагы Камбаралы Бобулов көчөсү, 72 дарегинде жайгашкан Россиянын Оштогу илим жана маданият борборунан (Русский дом) алса болот.
Байланыш телефондору: +996(3222) 41-320, +996(557) 00-18-33.
Завод кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Кыргызстан менен Россия өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты талкуулайт
Жаңылыктар түрмөгү
0