Меккеге бараткан автобус күйүп 20 киши каза болду, арасында КР жарандары жок. Видео

© AFP / OMAR HAJ KADOURАвтобуска отуруп жаткан зыяратчы. Архив
Автобуска отуруп жаткан зыяратчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
Жазылуу
Зыяратчылардын баары Йеменден экени айтылды.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Сауд Арабияда зыяратчыларды ташыган автобус өрттөнүп, анын кесепетинен каза болгон 20 кишинин арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, автобус Асир шаарындагы көпүрөдө кырсыктап, анын кесепетинен 20 адам набыт болуп, 29 киши жаракат (көпчүлүгү күйүп калган) алган. Меккеге бара жаткан зыяратчылардын баары Йеменден экени айтылды.
Тышкы иштер министрлиги окуя ведомствонун көзөмөлүндө турганын билдирди.
Грецияда жүк жана эл ташыган эки поезд кагышкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Грецияда эки поезд кагышып, 26 кишинин өмүрү кыйылды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0