30-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКүн күркүрөгөн булуттар. Архив
Күн күркүрөгөн булуттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2023
Жазылуу
30-мартка караган түнү Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас өрөөнүндө +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл жергесинде +12...+17, ал эми Нарында +10...+15 градус жылуу болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +18...+20, Ошто +22...+24 градусту көрсөтөт.
Бишкекте өрүк гүлдөө учурунда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
32 градуска чейин ысыйт. Апрелге карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0