АКШ "Түндүк агымдын" жардырылышынан табиятка келген чыгым боюнча үн ката элек

© AP Photo / Carolyn KasterАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2023
Жазылуу
Элчилик Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Балтика деңизинин түбүнө чөктүрүлгөн ууландыра турчу жүз миңдеген ок-дарыны эске салган.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Америкалык ЖМКлар газ экспорттогон россиялык "Түндүк агым" түтүгүнүн жарылышынан улам жаратылышка келген ири зыян туурасында унчукпай турат. Бул тууралуу РФтин АКШдагы элчилиги билдиргенин РИА Новости жазды.
"Магистралда болгон окуядан айлана-чөйрө, жаратылыш оңбогондой зыян тартканы боюнча жергиликтүү маалымат айдыңында баары жапырт үн катышкан жок", — деп айткан дипмиссиядан.
Ал кеп газдын агылып чыгышы жөнүндө эле болуп жатпагандыгын белгилеген.
"Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Балтика деңизинин түбүнө чөктүрүлгөн ууландыра турчу жүз миңдеген ок-дарыларды эске салмакчыбыз... Аталган акваториядагы жарылуу экологиялык бүлгүнгө алып келип, аймактагы мамлекеттерди орду толгус зыянга учуратат", — деп кошумчалаган.
Былтыркы жылдын сентябрында россиялык газды Европага экспорттогон "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүндө ири жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган диверсия болгондугун четке каккан эмес. Владимир Путин муну теракт деп атаган. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG газ куурларын оңдоонун мөөнөтүн так айтууга мүмкүн эместигин билдирген.
Россиянын Башкы прокуратурасы жардыруудан кийин эл аралык террорчулук боюнча иш козгогон.
РФ президенти Владимир Путин 2022-жылдын 31-октябрында "Газпром" жарылуу болгон жерге киргизилгендигин жана компаниянын башчысы Алексей Миллер изилденген иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат бергенин билдирген. Путин "Түндүк агымдагы" жардыруу теракт экени көрүнүп турганын айткан.
Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш 8-февраль күнү Европага газ экспорттогон россиялык газ түтүктөрүндөгү теракт боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Өз маалымат булагына таянуу менен ал жардыруучу түзүлүштөр магистралдын алдына 2022-жылдын июнь айында Baltops машыгуусуна жамынып АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн суучулдары орнотконун жазган.
Херштин айтымында, аларга норвегиялык адистер көмөктөшкөн. Журналист операция боюнча чечимди АКШ президенти Жо Байден тогуз айлык талкуудан кийин кабыл алганын белгилеген эле.
Кийинчерээк РИА Новости Пентагон россиялык газ куурунун жардырылышына АКШнын эч кандай тиешеси жок деп чыкканын жазды.
Бириккен Улуттар Уюмунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
БУУнун Коопсуздук кеңешинде "Түндүк агымдагы" терактыны изилдөөчү резолюция өткөн жок
Жаңылыктар түрмөгү
0