Токаев: Казакстандын энергетикалык инфраструктурасынын эскилиги жетти

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2023
Жазылуу
Электр энергетикага байланыштуу үч мыйзам долбоору учурда мажилисте. Коңшу өлкөнүн башчысы депутаттык корпустан документтерди тез арада карап, кабыл алып берүүнү өтүндү.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Казакстандын эскилиги жеткен энергетикалык инфраструктурасынын дарамети чегине жетип калды. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясында айтканын Sputnik Казакстан жазды.
"Учурда менин тапшырмам менен электр энергетика рыногун өнүктүрүүнүн жаңы модели иштелип чыгууда. Ал аталган тармакка кошумча инвестиция тартууга, ошол эле учурда бардык иштин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган", — деди Токаев.
Президенттин айтымында, электр энергетикага байланыштуу үч мыйзам долбоору учурда мажилисте. Коңшу өлкөнүн башчысы депутаттык корпустан документтерди тез арада карап, кабыл алып берүүнү өтүндү.
"Коммуналдык түйүндөр эскиргендиктен өлкөнүн дээрлик бардык аймагында олуттуу авариялар болуп жатат. Шаарлардын көпчүлүгүндө негизги инфраструктура болгон жолдордун, электр зымдарынын, газ түтүктөрүнүн жетишсиздиги бар", — деди президент.
Токаев өлкөнүн туруктуу инфраструктуралык каркасын түзүүгө багытталган улуттук план кабыл алууну сунуштады. Өлкө башчынын айтымында, анда инфраструктураны өнүктүрүүдөгү негизги көйгөйлөр камтылып, 2029-жылга чейин ишке аша турган артыкчылыктуу долбоорлор белгилениши шарт.
Орто-Токой суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Орто-Токойго чакан ГЭС курулат. Кытайлык компания менен келишим түзүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0