Апрелде кыргызстандыктар эки жолу 3 күндөн эс алат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желеги. Архив
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Жазылуу
Алдыдагы айда апрель жана айт майрамдары бар.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Апрель айында кыргызстандыктар эки жолу үч күндөн эс алат.
Календарды карай турган болсок, 7-апрель — жумага туура келет. Бул күн Апрель элдик революциясына карата кызыл менен белгиленген. Андыктан ишемби, жекшембини кошкондо үч күндүк дем алыш болот.
Ал эми Орозо айт 21 же 22-апрелде болот, ага карата да дем алыш жарыяланат. Эгер 21-март, жума күнгө туш келсе, кыргызстандыктар дүйшөмбүгө чейин эс алышат. Ал эми айт 22-апрель, ишембиде болуп калса, шейшембиге чейин үч күн катары менен жумуш болбойт.
Дарактагы кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Дем алыш күндөрү үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0