Бишкекте россиялык "Большая перемена" башталат. Убактысы, орду

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүү"Большая перемена" конкурсунун желеги. Архив
Большая перемена конкурсунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Жазылуу
Катышуучулар тематикалык 12 багыт менен сынакка катышат. Жеңүүчүлөр Крымдагы "Артек" лагерине барууга жолдомо алат.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандын борбор калаасында россиялык "Большая перемена" сынагынын бет ачары өтөт. Бул туурасында Бишкектеги "Русский дом" билдирди.
Иш-чаранын алкагында "Артек. Большое путешествие" фильмин көрсөтүшөт. Анын 4-апрелде "Русский дом" уюмунда (Эркиндик проспекти, 2/1) болору кабарланды.
"Большая перемена" — Жаштар иши боюнча федералдык агенттиктин (Росмолодежь) балдар менен жаштар үчүн түптөгөн долбоору. Катышуучулар тематикалык 12 багыт менен сынакка катышат. Жеңүүчүлөр Крымдагы "Артек" лагерине барууга жолдомо алат. Сынак бул аптада Сочи шаарында башталды.
"Русский дом" былтыр кыргызстандык төрт өспүрүм кыз Россиянын "Большая перемена" конкурсунда утуп чыгып, РФтин алдыңкы жогорку окуу жайларында акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алганын эске салды.
Алардан сырткары дагы сегиз финалчы "Больше, чем путешествие" программасынын алкагында поезд менен Санкт-Петербургдан Владивостокко чейин баруу шыбагасына ээ болгон.
Бет ачар учурунда каалоочулар сынакка катышуу жана легендарлуу "Артекке" баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу жолдору боюнча маалымат ала алышат.
Ал эми "Артек. Большое путешествие" — аталган лагерде эс алган төрт баланын келечекти өзгөртүп жана ата-энеси менен жарашуу үчүн өткөн чакка барып калганын баяндаган комедия.
Россия ЖОЖдорунун жарманкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Кыргызстандын үч шаарында Россия ЖОЖдорунун жарманкеси өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0