Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкекте 2 миң киши катышкан велосезондун ачылышы болот

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Мегаком" компаниясынын массалык коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Айдай Мокушева
Мегаком компаниясынын массалык коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Айдай Мокушева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Жазылуу
"Мегаком" компаниясынын массалык коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Айдай Мокушева Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаада 2 миңге чукул кишинин катышуусунда веложүрүш өтөрүн айтты.
"Велосезон — 2023" иш-чарасы ушул жылдын 2-апрелинде өтүп, массалык спортту өнүктүрүү, дени сак жашоо образын жайылтуу максатын көздөйт. Бул тууралуу Айдай Мокушева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкекте 2 миң киши катышкан велосезондун ачылышы болот
Анын айтымында, мындай иш-чараны жакын арада Ош шаарында да өткөрүү пландалууда.
"Борбор калаада 2-апрелде салттуу түрдө "Велосезон — 2023" иш-чарасы өтөт. Бул ирет веложүрүш Бишкек калаасынын 145 жылдыгына карата уюштурулуп, массалык спортту өнүктүрүү, дени сак жашоо образын жайылтуу максатын көздөйт. Жүрүшкө 2 миңге жакын катышуучу келери болжолдонууда. Жылдан-жылга велосипед тепкендердин саны жогорулап, иш-чаранын деңгээли өсүп жатканы кубандырат. Муну Бишкек шаарынын мэриясы, мамлекеттик "Мега" компаниясы жана Велоfriends позитив KG уюму уюштуруп жатат", — деди Мокушева.
Ошондой эле адис велосипед тепкендер жалпы Кыргызстан боюнча көбөйүп, ден соолукту чыңдоого багытталган иш-чараларга сөзсүз көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0