Жалгыз комуз, жан күйөрү, медери... СССР эл артисти Самара Токтакунованын маеги

Жазылуу
Эксклюзив
Залкар комузчу Самара Токтакунова 15 жашында эле чоң сахнага кадам таштап, таланты менен улуттук музыкалык аспапты дүйнө жүзүнө тааныта алды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы СССРдин эл артисти менен маек курган.
Болочоктогу атактуу комузчу Самара Токтакунова элеттен Фрунзеге келип музыкалык училищенин комуз бөлүмүндө 1-курста окуп жүргөндө эле комузчулар ансамблине жумушка алынган. Өспүрүм ал кезде 15 жашта эле. Ошентип ал филармониянын чыгармачыл жамаатына кошулуп, окуу жайды аяктагандан кийин Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде эмгектенген.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунова сахнада көп ийгиликтерге жетүүсүнө анын жолдошу чоң роль ойногонун айтат.
"Биринчиден, мени таланттуу кылып төрөп койгон ата-энеме ыразымын. Экинчиден, жолдошум Чалагыз Исабаевге ыразымын. Эгерде мен ага турмушка чыкпаганда мындай ийгиликтерге жетпейт болчумун. Ал киши мени баласындай тарбиялады, оокат кылдырган жок. Көзү өткөнчө колума бычак берип, сууга колумду салдырган жок. Баарын өзү туурап, тамакты ресторандан да кыйын жасап, үйдү да өзү жыйначу. Анан "сени СССРдин эл артисти наамын алганга чейин жеткирем" дечү. Жеткирди. Комузду күнүнө сегиз саат ойнотчу. Эгерде башка адамга турмушка чыксам, мындай бийиктиктерге жетпейт болчумун. Элиме өмүр бою кызмат кылдым, мактаныч, кубаныч сезим менен өзүмдү бактылуу кишимин деп айтсам жарашат. Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим", — деди Токтакунова.
Токтакунова "Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаев менен 26 жыл бирге өмүр сүрүп, чыгармачылыкта бири-бирине жөлөк болуп, эки уулду медер кылып тарбиялап чоңойткон. Тилекке каршы, үй ээси 1991-жылы жол кырсыгынан көз жумган.
Самара Токтакунова эмгек жолунда комузун колунан түшүрбөй эл аралык сынак, концерттерге катышып, кыргыздын музыкалык аспабын кыйырга чейин таанытты. СССРдин эл артисти ошол жылдары жубайы экөө чет жакта бир нече ай гастролдоп келгенде уулдары аларды тааныбай калган учурлары болгонун эскерет.
"Биз АКШга гастролго барып, 4 ай 20 күндөн кийин кайтып келдик. Анда Актан 4, Аслан 8 жашта болчу. Апам, сиңдилерим болуп экөөнү ээрчитип, тосуп алганы аэропортко барышыптыр. Сагынасың да, аэропорттон чыгып эле уулдарыма чуркадым. Балдарыбыз Чалагыз экөөбүздү тааныбай калса болобу. Кучактап өбөйүн десем эки уулубуз тең апам менен сиңдимдин артына, көйнөгүнө улам далдаланып, ыйлап, мага да, атасына да келбейт десең. Кудай у-у-ур. Ошондо Чалагыз байкеңер "жумушуңдун атасын оозун урайын, өз балдарың тааныбай качып калган эмне деген жумуш, ыя" деп ыйлап, ага мен кошулуп, таенеси, айтор, баарыбыз ыйлаганбыз", — деди комузчу.
Токтакунова эл алдына чыккандан сырткары 40 жылдан ашык убакыт окутуучулук менен алектенип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында бир топ шакирттерди тарбиялады. II жана III даражадагы Манас орденинин ээси азыр ардактуу эс алууда.
По теме:
Жетимчилик жана аалам кезген атак. Сахна жылдызы Кайыргүл Сартбаева менен видеомаек
Элиме, мамлекетке ыраазымын. 82 жаштагы дирижер Жумалиев менен видеомаек
Бактысын да, азабын да театрдан тапкан Бакен Кыдыкеева. Видео эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0