"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Милдеттери

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлдү
Кыргызфармация мамлекеттик ишканасы түзүлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Жазылуу
Жаңы кызматтын ишинин натыйжасында мамлекеттик мекемелер дары каражаттарын арзаныраак баада сатып алууга болору айтылат маалыматта.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлгөндүгүн министрлер кабинети маалымдады.
Билдирмеде айтылгандай, ишкананын максаты жана милдети — мамлекеттик медициналык мекемелерди, калкты дары каражаттары, медициналык буюмдар менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу.
"Дары-дармектер рыногунда бүгүнкү күндө дагы, буга чейин да системалуу башкаруу болгон эмес. Бул өлкөдөгү эң татаал тармак бойдон калууда. Аталган ишкана дары-дармек менен камсыздоо жана бул багыттагы мамлекеттик программаларды ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болушу керек. Мамлекеттик медициналык мекемелер үчүн сатып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын наркын төмөндөтүү өндүрүүчүлөрдөн же дистрибьюторлордон түз жеткирүүдөн көз каранды болуп жатат. Бул саламаттыкты сактоо тармагындагы системалык реформалардын бир бөлүгү", — деп жазылат өкмөттүн билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, ишкана дары-дармектерди жана субстанцияларды чыгаруучу заводдорду курууну каалаган инвесторлор менен иш алып барат. Анда ата мекендик өндүрүшчүлөргө колдоо көрсөтүлөрү, алар товарларын дүңүнөн сатууга кызыкдар болору белгиленген.
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Радио
Кыргызстанда дарылардын сапатын мобилдик тиркеме аркылуу текшерип алууга болот
Жаңылыктар түрмөгү
0