Кыргызстандык мушкер кыз россиялык атаандашын биринчи раундда жеңип алды

© Фото / Pexels / cottonbroБокс мээлейчен кыз. Иллюстративдик сүрөт
Бокс мээлейчен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Жазылуу
Токтогонова буга чейин ММА уюмундагы мелдештерге катышып үч ирет жеңишти багындырган.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. 17 жаштагы кыргызстандык Анеля Токтогонова россиялык Александра Савичованы ONE Friday Fights 11 турниринин биринчи раундунда жеңип алды. Мелдеш Таиландда өтүп жатат.
Токтогонова атаандашына муунтуу ыкмасын колдонду.
ЖМКлар Токтогонованын ММА беттештеринде үч жолу жеңишке ээ болуп, бир ирет жеңилүү ызасын тартканын жазышкан.
Ал эми Савичева үч жолку жеңишинен кийин биринчи жолу утулду.
Бул кыргызстандык жаш спортчунун ONE Championship мелдешиндеги дебюту болду.
Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2023
Валентина Шевченко тыныгуудан кийин кимдер менен беттешүүнү каалаарын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0