Бишкекте аялды сүзүп кеткен Honda Fit айдоочусу 7 жылга кесилди

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүСот салындагы айыпталуучу. Архив
Сот салындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Жазылуу
Окуя маркумдун балдары кырсыктын видеосун коомчулукка жарыялагандан кийин резонанс жараткан.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкекте аялды сүзүп кеткен Honda Fit унаасынын айдоочусу жети жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

“Соттун 2023-жылдын 31-мартындагы өкүмү менен Маматов К. К. Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, жети жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылды. Жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт. Ал ошондой эле эки жылдык мөөнөткө жүргүнчүлөрдү ташуу укугунан ажыратылды. Маматовго карата буга чейин тандалган үй камагы түрүндөгү баш коргоо чарасы камакка алуу түрүнө өзгөртүлүп, ал сот залында камакка алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Бул окуя 50 жаштагы маркумдун балдары тарабынан коомчулукка жарыялаган видеосунан кийин резонанс жараткан. Кырсык 30-январда Фрунзе — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеодо айдоочу светофор кызыл күйүп турганда өтүп, башка унаа менен кагышып, андан соң адамды сүзүп кеткенин көрүүгө болот. Жабырлануучу үч күндөн кийин реанимацияда каза болгон.
Иш алгач Свердлов райондук сотунда каралып, шектүү үй камагына чыгарылган болчу.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Милиция Жаныбек Абиров мушташкан иштин чоо-жайы эмне болгонун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0