Жубайлардын ортосунда төшөк мамилеси сууп кетсе эмне кылуу керек? 5 ыкма

© Фото / Pexels / cottonbro Жубайлар төшөктө кучакташып жатышат. Иллюстративдик сүрөт
Жубайлар төшөктө кучакташып жатышат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Жазылуу
Адистин айтымында, интимдик жашоо катуу стресстен, жумушка аша чаап берилүүдөн улам солгундайт.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Аялы менен күйөөсүнүн ортосунда төшөк мамилеси жоголуп кетсе эмне кылуу керек? Бул суроого психолог Жоэл Блокко шилтеме берип "Доктор Питер" басылмасы жооп берди.
Жашоого төшөк кумарын кайтарып берчү беш ыкма:
Сылап-сыйпап, эркелетип туруңуз
Чачтан сылап, далысын укалап, мойнуна асыла кучактап туруу көпчүлүк адамдарга майдай жагат. Мындайда киши дароо жумшарып, жагымдуу сезимдерге бөлөнгүсү келип калат.
Бири-биринен эс алуу
Бир топ жылдан бери чогуу жашап жүргөн адамдарга бир нече убакыт бири-биринен эс алуу кадыресе көрүнүш экенин унутпаңыз.
Спорт менен машыгуу
Жубайлардын спорт менен биргеликте машыгуусу жакшы жыйынтык берет. Чогуу велосипед тебүү же бассейнге түшүү сыяктуу нерселер эки адамдын бири-бирине кумарлануусун кайтарып бериши толук мүмкүн.
Жалпы хобби тапкыла
Айрым нерселер чоң кишини балача кубантып өзгөчө сезимдерди тартуулайт. Ошол учурда түгөйүңдүн жанында болгонуң жакшы. Анткени жаңы сезимдер сүйүүнү бекемдеп, сексуалдык жашоону жандантууга жардам берет.
Үй оокаттарынан эс алуу
Бул пункт өзгөчө аял кишинин сезимталдуулугун кайтарууга шарт түзөт. Колдон келишинче аны үй жумуштарынан бир нече күнгө бошотуп, өзү менен өзү болууга мүмкүнчүлүк берсеңиз анын кандай жагымдуу, кандай сулуу, кандай назик аял экенин кайрадан сезе баштайсыз.
Таанышуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Ийгиликтүү эркек аялдарда жактырган төрт сапат
Жаңылыктар түрмөгү
0