Өткүндүү болот. Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүйдөгү бир апталык аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЖамгырда бараткан жаран. Архивдик сүрөт
Жамгырда бараткан жаран. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2023
Жазылуу
Апта жаан-чачындуу болуп, айрым күндөрү шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Синоптиктер алдыдагы аптада Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустары боюнча аба ырайы кандай болорун айтып беришти.

Жалал-Абад облусунда

3-апрелде жана 4-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 3-апрелде күндүз жана 4-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
5-апрелде күндүз жаан-чачын болбогону менен 6-7-апрелде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
8-апрелде күн ачык болуп, 9-апрелде күндүз айрым жерлерде өткүн өтөт.
Апта ичинде абанын табы эң жогору дегенде +25…+27 градуска жетет. Анткен менен эртең түндө тоо этектеринде градус -1…-3кө чейин түшүп, үшүк жүрөт.

Ысык-Көл облусунда

3-6-апрелде жана 7-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
7-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
8-9-апрелде күндүз айрым жерлерде өткүн өтөт.
Абанын табы 14…19 градуска чейин жылып, 3-апрель күнү түнкүсүн үшүк жүрөт. Анда температура Каракол шаарында -1…-3 градуска чейин төмөндөйт.

Чүй облусу

3-4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 3-апрелде күндүз жана 4-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
5-9-апрелде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Чүйдө жума ичинде күн +21…+23 градуска чейин жылыйт. 3-апрель түнү үшүк жүрөт (-1…-3).
Баткен облусусундагы жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Жаан-чачындуу болот. Баткен боюнча бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0