Алдыдагы аптада Таласта аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүТоолор. Архивдик сүрөт
Тоолор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2023
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы боюнча божомолун айтты.
Ага ылайык, бүгүн-эртең чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
4-апрелден тарта 9-апрелге чейин айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.
Күндүн табы аптанын соңунда +12…+17 градуска жетет. Анткен менен бүгүн түнү үшүк жүрүп, аба ырайы -1...-3 градуска чейин төмөндөйт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Үшүк жүрөт. Ош облусу боюнча аба ырайынын бир жумалык божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0