Депутаттар үч эм төрөлсө сүйүнчүгө 500 миң сом берүүнү сунуштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в КР
Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2023
Жазылуу
Учурда үч эм төрөлсө бийлик тарабынан 150 миң сом гана берилет.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Самыйкожо тарабынан үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон берүү сунушталды.
Аталган токтом долбоору Социалдык саясат комитетинде каралып, кабыл алынды.
Жыйында баяндама жасаган депутат Сарбагышев акыркы 10 жыл ичинде 150 үч эм төрөлгөнүн, ал эми беш үй-бүлөдө төрт эм жарыкка келгенин белгиледи.
"Андыктан сунушталып жаткан токтом долбоору аркылуу үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берүүнү демилгелеп жатабыз", — деди Сарбагышев.
Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева мындай үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, жергиликтүү бийлик органдары да жардам бериши керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, учурда үч эм төрөлсө бийлик тарабынан 150 миң сом гана сүйүнчү берилет. Демилгечи депутаттар бул сумма жетишсиз деп эсептейт.
Кыргызстанда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү эми үйгө жеткирип бере алышат. Шарт-жагдайы
Жаңылыктар түрмөгү
0