5-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте жамгыр жааган учурда адамдар. Архив
Бишкекте жамгыр жааган учурда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Жазылуу
5-апрелге караган түнү Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган региондордо жаан-чачын болбойт.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Шаршембиде Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көлдө күн ачык болот. Калган облустардын айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Талас, Нарын жергесинде +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, ал эми Ысык-Көл чөлкөмүндө +12...+17 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19...+21 жана Ош калаасында +18...+20 градуска жетет.
Тамактанып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Диетолог кечки саат алтыдан кийин тамактан баш тартуунун кесепетин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0