Финляндия расмий түрдө НАТОго кошулду

© AFP / ANTTI HAMALAINENФинляндия расмий түрдө НАТОго кошулду
Финляндия расмий түрдө НАТОго кошулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Жазылуу
Финляндия НАТОнун 31-мүчөсү болду.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Финляндия расмий түрдө НАТОго мүчө болду. Салтанат альянстын сайтында түз эфирде көрсөтүлгөнүн РИА Новости жазды.
Өлкөнүн тышкы иштер министри Пекка Хаависто Түндүк атлантикалык келишимге кошулуу тууралуу документти тапшырып, ушуну менен формалдуу процедура аяктады.
“Бул документти алуу менен биз Финляндияны Түндүк атлантикалык келишим уюмунун 31-мүчөсү деп жарыялайбыз”, — деди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.
Жаңы мүчөнүн кошулуусу боюнча документтер АКШда сакталат. Иш-чара НАТОнун штаб-квартирасынын алдындагы аянтта Финляндиянын мамлекеттик желегин салтанаттуу көтөрүү менен аяктайт.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, уюмдун кеңейиши Россияны тактикалык жактан да, стратегиялык жактан да өзүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн каршы чараларды көрүүгө мажбур кылууда. Москва Финляндия да альянска киргенден кийин эмне болоруна кылдаттык менен байкоо жүргүзүп, ошонун негизинде керектүү чараларды көрөрү айтылды.
Кремлдин өкүлү Финляндиянын Россияга кас мамиледеги НАТОго кириши эки тараптуу мамилелерге таасирин тийгизбей койбосун кошумчалаган.
НАТОнун, Финляндиянын жана Швециянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Түрк парламенти Финляндиянын НАТОго киришин ратификациялады
Жаңылыктар түрмөгү
0