Баңгизат сатуучулардын сабалышы: Бишкекте үч шектүү кармалды. Видео

© Фото / пресс-служба МВД КРБишкек ШИИББинин кызматкерлери баңгизат саткан адамдарды сабады делген үч шектүүнү кармады
Бишкек ШИИББинин кызматкерлери баңгизат саткан адамдарды сабады делген үч шектүүнү кармады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
Жазылуу
Баңгилик топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. ИИМ Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы баңгизат саткан адамдарды сабады делген үч шектүүнү кармаганын кабарлады.
Буга чейин окуянын видеосу соцтармакка тараган. Кадрга баңгизат жеткирген адамдарды алдап кеткен эки баланы сабап, кечирим сураттырып жатышканы тартылган. ИИМ мындан кийин кылмыш ишин козгоп, министр окуяны өз көзөмөлүнө алган.
ИИМдин маалыматына караганда, белгисиз адамдар өздөрүн милиционер катары тааныштырып баңгизат сатуучуларды ээн жерге алып барып сабашкан. Ошондой эле "Принцесса Дури" аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңгизат үчүн кечирим суроого мажбурлашкан. Бул көрүнүштү камерага тартып, кураторлоруна жөнөтүшкөн.
© Фото / пресс-служба МВД КРЗадержание подозреваемых в избиении закладчиков наркотиков в Бишкеке
Задержание подозреваемых в избиении закладчиков наркотиков в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2023
3-апрель күнү Атайын операциялар отрядынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте 2001-жылкы А.у.Г., 2000-жылкы К.Т. жана 2004-жылкы К. А. кармалган.
Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңгилик топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Анда мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы топтун ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен жарандарды өзүнө жакын жайгашкан милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырат.
"Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын коноктору, тез акча табуу үчүн ар кандай сунуштарды кабыл албагыла! Баңги топторунун мүчөлөрү жаштарды мыйзамсыз иштерге тартуу үчүн ушундай айла-амалдарды колдонушат. Шектүү киреше табуу сизди жана жакындарыңызды жабыркатышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") кылмышты жасаган, баңгизат каражаттарын өз ыктыяры менен тапшырган, анын бетин ачууга же бөгөт коюуга жигердүү салым кошкон жаран беренеде каралган жосун үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
Кыргызстандан өзгөчө ири өлчөмдөгү героин ташуу менен алектенип жүргөн деп Тажикстандын жараны кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Кыргызстандан 1,2 млн. долларлык героин алып чыккан Тажикстандын жараны кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0