"Нормандиянын" биринчи салгылашы. 80 жыл мурдагы тарыхтын видеосу

© Sputnik / Сергей ЛоскутовУлуу Ата Мекендик согуш. "Нормандия" эскадрильясы. Архив
Улуу Ата Мекендик согуш. Нормандия эскадрильясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуш күчөп турган маалда, 1943-жылдын 5-апрелинде "Нормандия" эскадрильясынын биринчи салгылашы болгон.
Бул күнү франциялык учкучтар советтик бомбалоочу аба техникаларын коштоп, германиялык учактарга каршы согушка чыккан.
Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы тарыхый видеону жарыялады.
Француздар Смоленскини бошотууга, Курск салгылашына, "Багратион" деп аталган Беларусь операциясына катышкан.
Ал эми "Нормандия-Неман" кош атын Литваны бошотуу үчүн алышкан.
Авиаполктун төрт мыктысы: Марсель Альбер, Ролан де ля Пуап, Жак Андрэ жана Марсель Лефевр Советтер Союзунун Баатыры наамына арзышкан.
Бул наам башка мамлекеттин жарандарына сейрек тапшырылган.
80 жыл мурда кандуу Ржев согушу аяктаган. Тарыхый видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
80 жыл мурда кандуу Ржев согушу аяктаган. Тарыхый видео
Жаңылыктар түрмөгү
0