Депутат мектептерде баңгизат момпосуйлары, клей сатылып жатканын айтты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2023
Жазылуу
Эл өкүлү баңги каражаттарын сатуу мектептерге чейин жеткенин айтып тынчсызданууда.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Коомчулукта баңгизат саткан интернет-дүкөндүн айланасындагы көрүнүш бери жагы эле, мындай учурлар соңку күндөрү аябай көп кездешип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.
Эл өкүлү баңги каражаттарын сатуу мектептерге чейин жеткенин айтып тынчсызданууда.

"Мектептерде баңгизат кошулган момпосуйлар, атайын клейлер сатылат экен. Жадагалса 8-мартта балдар кыздарга электрондук тамеки белек кылышыптыр. Мындай көрүнүштөр мектептерде аябай көп болуп жатат. Парламенттик угуу кылып, бул нерсеге бөгөт коюу үчүн кандай иштер жүрүп жатканын сурап, тапшырмаларды берип койсок", — деди Маматалиев.

Белгилей кетсек, соцтармактарга интернет-дүкөндө баңгизат жеткирип иштеп жүрүп, алдап кеткен балдарды сабап, кечирим сураттырып жаткан видео тараган. Ал коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, үч адам кармалды.
Кыз электрондук тамеки менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Кыздар көп чегет экен. Депутат Ташиев электрондук тамекиге тыюу салууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0