7-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгырда клен жалбырактары. Архив
Жамгырда клен жалбырактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Жазылуу
7-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жума күнү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Таласта +12…+17, Ысык-Көл, Чүй облустарында +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +15…+20, Нарын чөлкөмүндө +10…+15 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +15…+17, Ош шаарында +18…+20 градуска жетет.
Эл кол чаап, сүрөп турду. Россиялыктар кыргыз ырын аткарган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Эл кол чаап, сүрөп турду. Россиялыктар кыргыз ырын аткарган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0