Депутат Самыйкожо: майыптыгы барлар иштеп баштаса пенсиясы кыркылууда

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Жазылуу
Парламентарий президенттин өкүлүнө ушул маселени карап чыгуу керектигин айтты.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо майыптыгы бар жарандар иштеп баштаса пенсиясы кыркылып калып жатканын билдирди.
"Майыптыгы бар адам Социалдык камсыздоо министрлигинен 6 845 сомдон пенсия алат. Бирок ал үйдө жата бербейин деп күзөтчү болуп же "Шородо" суусундук сатып иштесе "Түндүк" электрондук базасынан чыгып калып жатат да, пенсиясы кыркылып дароо 684 сомго түшүп калууда. Биз эми майыптардын ырыскысын жеп казынаны толтурабызбы?" — деп нааразы болду депутат.
Мындан улам Самыйкожо президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, ушул маселени карап чыгуу зарылчылыгын айтты.
Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Депутат: милиция психологиялык басым жасагандан кийин кыздар өзүнө кол салууда
Жаңылыктар түрмөгү
0