Канга боелгон көчө, өрттөлүп тонолгон калаа... Апрель революциясы сүрөттө

Жазылуу
Мындан 13 жыл мурун 7-апрелде өлкөдө элдик революция болуп, анда жүздөн ашык адам окко учуп, миңден көп киши түрдүү жаракаттарды алган. Sputnik Кыргызстан агенттиги каргашалуу окуядагы ирмемдерди сунуштайт.
Аскар Акаев бийликтен 2005-жылы кеткенден кийин анын ордуна келген Курманбек Бакиев өлкө башында турган жылдары электр жарыгы байма-бай өчүрүлүп, уюлдук байланыш, коммуналдык кызматтарга болгон баа жогорулаган. Ошондой эле президенттин жакындары жогорку кызматтарга дайындалып, Бакиевдер мамлекеттик башкаруунун ар кыл бутактарына келген. Ал жылдары буюртма адам өлтүрүүлөр, журналисттерге кол салуулар көбөйүп, жогору жактагылар менен криминал табакташ болуп калган.
Ошентип 2010-жылы журт башындагыларга нааразы болгон эл көчөгө чыгып, апрель айында Бакиевдерди бийликтен кубалаган. Анда "Ала-Тоо" аянтында 87 адам көз жумса, 36сы кийин каза болгон. Миңден ашуун киши жаракат алган.
7-апрель Кыргызстанда расмий түрдө Апрель революциясынын күнү болуп саналат.
© Фото / Информационное агентство Фергана.Ру

Элдик толкундоолор алгач Талас облусунда башталган. Облустук администрацияны курчоого алган милиция кызматкерлери.

Элдик толкундоолор алгач Талас облусунда башталган. Облустук администрацияны курчоого алган милиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
1/17

Элдик толкундоолор алгач Талас облусунда башталган. Облустук администрацияны курчоого алган милиция кызматкерлери.

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO

Бардыгы ал кезде оппозициялык деп эсептелген КСДПнын штабы жайгашкан "Форум" имаратынын жанында башталган

Бардыгы ал кезде оппозициялык деп эсептелген КСДПнын штабы жайгашкан "Форум" имаратынын жанында башталган - Sputnik Кыргызстан
2/17

Бардыгы ал кезде оппозициялык деп эсептелген КСДПнын штабы жайгашкан "Форум" имаратынын жанында башталган

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO

"Ала-Тоо" аянтына жакындап келе жаткан эл

"Ала-Тоо" аянтына жакындап келе жаткан эл - Sputnik Кыргызстан
3/17

"Ала-Тоо" аянтына жакындап келе жаткан эл

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO

Анда эл да, милиция да чоң жоготууга учураган

Анда эл да, милиция да чоң жоготууга учураган - Sputnik Кыргызстан
4/17

Анда эл да, милиция да чоң жоготууга учураган

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO

Митингге чыккандар милиция кызматкерлерин коргоп, кагылышуу болгон жерди таштап кетүүгө жардам берген

Митингге чыккандар милиция кызматкерлерин коргоп, кагылышуу болгон жерди таштап кетүүгө жардам берген - Sputnik Кыргызстан
5/17

Митингге чыккандар милиция кызматкерлерин коргоп, кагылышуу болгон жерди таштап кетүүгө жардам берген

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO

Ак үй тараптан атылган октон жабыркаган жаран жана аны коопсуз жайга алып кетүүгө аракет кылгандар

Ак үй тараптан атылган октон жабыркаган жаран жана аны коопсуз жайга алып кетүүгө аракет кылгандар - Sputnik Кыргызстан
6/17

Ак үй тараптан атылган октон жабыркаган жаран жана аны коопсуз жайга алып кетүүгө аракет кылгандар

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү

Өрттөнгөн унаа, талкаланган тосмо, нааразы болуп көчөгө чыккан эл

Өрттөнгөн унаа, талкаланган тосмо, нааразы болуп көчөгө чыккан эл - Sputnik Кыргызстан
7/17

Өрттөнгөн унаа, талкаланган тосмо, нааразы болуп көчөгө чыккан эл

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүү

Чогулган эл Бакиевдердин бийликтен кетүүсүн талап кылган

Чогулган эл Бакиевдердин бийликтен кетүүсүн талап кылган - Sputnik Кыргызстан
8/17

Чогулган эл Бакиевдердин бийликтен кетүүсүн талап кылган

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү

Ак үйдөгүлөр качып жөнөгөндөн кийин мамлекеттик органдар өз ара толук кандуу координацияланбай калган

Ак үйдөгүлөр качып жөнөгөндөн кийин мамлекеттик органдар өз ара толук кандуу координацияланбай калган - Sputnik Кыргызстан
9/17

Ак үйдөгүлөр качып жөнөгөндөн кийин мамлекеттик органдар өз ара толук кандуу координацияланбай калган

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү

"Ала-Тоо" аянтынын жанында өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имараты

"Ала-Тоо" аянтынын жанында өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имараты - Sputnik Кыргызстан
10/17

"Ала-Тоо" аянтынын жанында өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имараты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү

Түнгө чукул эл Өкмөт үйүн "алып" көчөдө башаламандыктар да болгон

Түнгө чукул эл Өкмөт үйүн "алып" көчөдө башаламандыктар да болгон - Sputnik Кыргызстан
11/17

Түнгө чукул эл Өкмөт үйүн "алып" көчөдө башаламандыктар да болгон

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO

Бакиев Бишкектен түштүк аймакка качып, ал жактан өзүн колдогон митинг уюштурган. Сүрөттө Бакиевдин жан сакчылары.

Бакиев Бишкектен түштүк аймакка качып, ал жактан өзүн колдогон митинг уюштурган. Сүрөттө Бакиевдин жан сакчылары. - Sputnik Кыргызстан
12/17

Бакиев Бишкектен түштүк аймакка качып, ал жактан өзүн колдогон митинг уюштурган. Сүрөттө Бакиевдин жан сакчылары.

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү

Мародерлор Бакиевдин үйүн талкалоодо

Мародерлор Бакиевдин үйүн талкалоодо - Sputnik Кыргызстан
13/17

Мародерлор Бакиевдин үйүн талкалоодо

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү

Башкы прокуратуранын имаратынын алдында кылмыш иштери боюнча кагаздарды окуп жаткандар

Башкы прокуратуранын имаратынын алдында кылмыш иштери боюнча кагаздарды окуп жаткандар - Sputnik Кыргызстан
14/17

Башкы прокуратуранын имаратынын алдында кылмыш иштери боюнча кагаздарды окуп жаткандар

© Sputnik / Андрей Стенин

Элдик толкундоодо окко учуп каза болгондорго багыштап куран окуган жарандар. Анда жалпы 123 адам көз жумган.

Элдик толкундоодо окко учуп каза болгондорго багыштап куран окуган жарандар. Анда жалпы 123 адам көз жумган. - Sputnik Кыргызстан
15/17

Элдик толкундоодо окко учуп каза болгондорго багыштап куран окуган жарандар. Анда жалпы 123 адам көз жумган.

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO

Ал күнү каза тапкандардын баары 10-апрелде "Ата-Бейитке" коюлган

Ал күнү каза тапкандардын баары 10-апрелде "Ата-Бейитке" коюлган - Sputnik Кыргызстан
16/17

Ал күнү каза тапкандардын баары 10-апрелде "Ата-Бейитке" коюлган

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү

Кичи мекенине качып барган Курманбек Бакиев айылдаштары менен. Кийин сот Бакиевди сырттан өмүр бою эркинен ажыратып, жаш курагына абйланыштуу өкүм 30 жылга алмаштырылган.

Кичи мекенине качып барган Курманбек Бакиев айылдаштары менен. Кийин сот Бакиевди сырттан өмүр бою эркинен ажыратып, жаш курагына абйланыштуу өкүм 30 жылга алмаштырылган. - Sputnik Кыргызстан
17/17

Кичи мекенине качып барган Курманбек Бакиев айылдаштары менен. Кийин сот Бакиевди сырттан өмүр бою эркинен ажыратып, жаш курагына абйланыштуу өкүм 30 жылга алмаштырылган.

Тема боюнча:
Жаалданган эл, Акаевди бийликтен кетирген ыңкылап. 24-марттагы окуянын сүрөттөрү
Япондорго илбирс ичик жаап... Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин түптөлгөн күнү
Көчөт тигип, жер айдап, көчкөнгө камынган кыргыздар. Жаздагы жылуу сүрөттөр
Афганистандагы согушка катышкан кыргызстандык жоокерлер. Сүрөт түрмөк
Жаңылыктар түрмөгү
0