Май айында Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз учак каттай баштайт

© Sputnik / Андрей Станавов / Медиабанкка өтүүАсмандагы учак. Архив
Асмандагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Жазылуу
Буга чейин апрелден тарта Россиядан Ысык-Көлгө күн сайын самолёт каттай турганы айтылган.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-майынан тарта Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Рейсти Россиянын "Азимут" авиакомпаниясы жумасына бир жолу (жума күндөрү) аткарып турмакчы.
Ал эми июнь айынан тартып Сеул — Бишкек — Сеул багыты боюнча аба каттамы ачылары айтылган.
Жүргүнчүлөр Тамчы аэропортунда учактан түшүп атат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Апрелден тарта Россиядан Ысык-Көлгө күн сайын самолёт каттай баштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0