Алдыдагы аптада Таласта аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Владимир АстапковичЖамгыр тамчылары. Архив
Жамгыр тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2023
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Таласта аба ырайы кандай болору туурасында маалымат таратты.
Ага ылайык, 10-11-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу күтүлөт.
12-13-14-апрелде жана 15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 15-апрелде күндүз айрым жерлерде жамгыр төгөт.
16сында көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 10-11 жана 15-апрелде айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Дождь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2023
Жаанчыл болобу? Кыргызстандагы бир аптага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0