Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сомдун 30 жылдыгына карата марканын эскизине сынак жарыяланды

© Sputnik / Асел Акмат"Кыргыз почтасынын" почта өндүрүмдөр бөлүмүнүн башчысы Аскер Алиев
Кыргыз почтасынын почта өндүрүмдөр бөлүмүнүн башчысы Аскер Алиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2023
Жазылуу
"Кыргыз почтасынын" почта өндүрүмдөр бөлүмүнүн башчысы Аскер Алиев сынак 24-апрелде жыйынтыкталарын айтты.
"Кыргыз почтасы" ишканасы менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги биргеликте кыргыз сомунун 30 жылдыгына карата марканын эскизинин дизайнына сынак жарыялады. Бул тууралуу Аскер Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Сомдун 30 жылдыгына карата марканын эскизине сынак жарыяланды
Анын айтымында, сунушталган эмгектердин эскиздери "Кыргыз почтасы" ишканасынын көркөм кеңешинде каралат.
"Быйыл кыргыз сомунун 30 жылдык юбилейлик датасына жаңыча иш баштайлы деп конкурс уюштуруп жатабыз. Бул сынакка көркөм сүрөтчүлүккө кызыккан ар бир жаран катыша алат. Жадагалса чет өлкөдөгүлөрдүн да катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Бизде абдан таланттуу сүрөтчүлөр бар. Жаштар менен дасыккан адистер биргеликте өзгөчө эскиздерди сунушташат деп күтүп жатабыз. Сынак 24-апрелде жыйынтыкталат. Ага чейин бардык каалоочулар өздөрүнүн эмгектерин бизге жиберсе болот. Келген эмгектерди көркөм кеңеш сынап, мыктыларын тандап, алдыңкы үч орунду жарыялайт. Сынактын шартына ылайык, жиберилген эмгектер берилген темага дал келиши керек. Жеңүүчүлөргө акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар бар", — деди Алиев.
Ал аталган сынакка мектеп окуучулары да катыша аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0