11-апрелге карата аба ырайы

© AFP / WILLIAM WESTКатуу жамгыр учурда киши көчөдөн өтүп баратат. Архив
Катуу жамгыр учурда киши көчөдөн өтүп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Жазылуу
11-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлүп, өлкөнүн айрым аймактарында нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Шейшембиде түнкүсүн тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +10…+15, Таласта +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көлдө +9…+14, Нарын чөлкөмүндө +9…+14 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +11…+13, Ош шаарында +9…+11 градус болот.
Биринчи класстын окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Кыргызстанда 1-класска каттоо кампаниясы башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0