Россиядан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Россияга посылка жөнөтүү

© Фото / пресс-служба BoxberryBoxberry жеткирүү кызматы
Boxberry жеткирүү кызматы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Жазылуу
Компания жаңылыктары
Башка шаарга маанилүү жана зарыл нерселерди жөнөтүүдө жеткирүү кызматын колдонуу күндөн-күнгө популярдуу болуп бара жатат. Мисалы, Boxberry компаниясынын жардамы менен Россиядан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Россияга посылка жөнөтсө болот. Ушу тапта Кыргызстандан Россияга жөнөтмө жиберүү мүмкүн болгон шаарлардын саны көбөйдү. Жеткирүүнүн баасы, мөөнөтү тууралуу кененирээк маалымат төмөндө.
Жөнөтмөнү кантип жол-жоболоштурса болот
Посылканы өзүӊүзгө ыӊгайлуу болгон ыкма менен – компаниянын сайтынан онлайн же Boxberry бөлүмүнөн жол-жоболоштурууга болот. Эгер онлайн жол-жоболоштурсаӊыз, анда жөн гана жөнөтмөнүн коштомо кагазынын номерин сактап коюӊуз. Же болбосо паспортуӊуз менен Boxberry бөлүмүнө барсаӊыз, жол-жоболоштурууга оператор көмөктөшөт.
Жөнөтмөлөрдү таӊгактоо үчүн кутулар жана баштыктар акысыз берилет. XS-тен XL-ге чейин ар кандай өлчөмдөрү жеткиликтүү. Буюмдар алуучуга бүтүн бойдон жетиши үчүн кутунун ичин толтуруучу нерсени камдап коюӊуз. Ал үчүн көбүкчөлүү пленка же бырыштырылган кагаз ылайыктуу.
Бөлүмдөн СПУТНИК промокодун айтып, жөнөтүүгө 15% арзандатуу алыӊыз. Акция 30-июнга чейин жүрөт. Ошондой эле эгер сиз жөнөтмөнү онлайн жол-жоболоштурсаӊыз, промокодду сайттан активдештире аласыз.
© Фото / пресс-служба BoxberryСлужба доставки Boxberry
Служба доставки Boxberry - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Жеткирүү баасы жана мөөнөтү
Посылка жөнөтүүнүн баасы таӊгактын көлөмүнө жараша болот. Салмагы 15 килограммдан ашпашы керек.
Мисалы, Москвадан Бишкекке жөнөтмөнү жеткирүү баасы төмөнкүдөй болот:
XS кутусунда — 565 рубль.
S кутусунда — 655 рубль.
M кутусунда — 799 рубль.
Жеткирүүнүн так баасын Boxberry сайтындагы калькулятордон текшерип алууга болот, бул үчүн жөнөтүү жана жеткирүү шаарларын жазып, андан кийин өзүӊүзгө керектүү таӊгакты тандап аласыз.
Компаниянын сайтынан жеткирүү мөөнөтүн да текшерип алууга болот. Орточо эсеп менен жөнөтмө Москвадан Бишкекке 10 күндө келет.
Кыргызстандан жөнөтмөнү кантип алса болот
Жөнөтмө келип түшкөндөн кийин телефонго билдирүү келет. Посылка алып кетүүгө даяр экендиги тууралуу да билдирүү аласыз.
Андан кийин алуучу бөлүмгө келип, паспортун көрсөтүп, жөнөтүү номерин айтат, ал эми оператор ага жөнөтмөнү берет.
© Фото / пресс-служба BoxberryСлужба доставки Boxberry
Служба доставки Boxberry - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023

Кыргызстандан Россияга жөнөтмө жөнөтөбүз

Жөнөтмөнү кантип жол-жоболоштурса болот
Boxberry сайтынан жөнөтмөнү жол-жоболоштуруп, жеткирүү акысын төлөсөӊүз болот. Төлөм аткарылгандан кийин дароо Boxberry өнөктөштүк бөлүмүнүн операторуна айта турган номерди аласыз.
Жөнөтмөнү жол-жоболоштурууда 15% арзандатуу алуу үчүн СПУТНИК промокодун колдонуӊуз. Акция 30-июнга чейин жүрөт.
Андан кийин жөнөтмөнү Boxberry өнөктөштүк пунктуна алып келүү зарыл. Эгер мурда Кыргызстандан Россияга жөнөтмөлөрдү жөнөтүү бир гана Бишкек шаарынан мүмкүн болгон болсо, азыр ага Ош, Каракол жана Жалал-Абад шаарлары кошулду.
Жеткирүү баасы жана мөөнөтү
Бишкектен Москвага 1 кг салмактагы посылка жеткирүү баасы 468 рублди түзөт. Бишкектен орточо 9 же андан бир аз көбүрөөк күндө жетет. Жеткирүүнүн так баасын жана мөөнөтүн Boxberry сайтындагы калькулятордон текшерип алсаӊыз болот.
Ушул жерден эле жөнөтмөӊүз кайда экенин көрүп туруу ыӊгайлуу, ал үчүн издөө сабына трек-номерди жазуу керек.
© Фото / пресс-служба BoxberryСлужба доставки Boxberry
Служба доставки Boxberry - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Россиядан жөнөтмөнү кантип алса болот
Посылка бөлүмгө келип түшкөндөн кийин телефонго билдирүү келет. Андан кийин паспорт менен келип жөнөтүү номерин айтуу керек.
Туугандарыӊызга жана жакындарыӊызга посылка жөнөтүӊүз. Бул оӊой жана ыӊгайлуу! Ал эми жеткирүүнү Boxberry кызматына ишенип тапшырыңыз.
Материал коммерциялык негизде жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0