Жапаров менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Талкууланган маселелер

© Sputnik / Александр ДемьянчукКыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын лидери Владимир Путин. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Россиянын лидери Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Жазылуу
Сүйлөшүүдө эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселеси талкууланган.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчылар эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык, каржы жана гуманитардык тармактарды өнүктүрүүнүн мындан аркы аспектилерин талкуулашкан.
Ошондой эле Россиянын ЕАЭБдеги жана Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын алкагында Евразия мейкиндигинде биргелешип иштешүү боюнча бир катар маселелер каралганы айтылды.
Аны менен катар кыргыз-орус союздаш мамилелерин дагы да бекемдөө жана азыркыдай жеке байланыштарды улантууну тастыкташкан.
Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2023
Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов жана анын президент уулуна көңүл айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0