12-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Жазылуу
12-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Шаршембиде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, Талас өрөөнүндө +14...+19, ал эми Ысык-Көл чөлкөмүндө +7...+12, Нарын жергесинде +8...+13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19...+21 жана Ош калаасында +18...+20 градуска жетет.
Жанар тоонун атылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Камчаткадагы жанар тоонун атылышы, күл баскан үйлөр, автоунаалар. Сүрөт, видео
Жаңылыктар түрмөгү
0