Депутаттыкка койсо да болобу? Опумбаев менен Жунушалиевге иш козголгон эмес

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Дело" папкасы. Архив
Дело папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Жазылуу
Октябрь окуясы боюнча гана иш козголуп жалпы тергөө жүрүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бийлик алмашканга чейин иштеген УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге эч бир кылмыш иши козголгон жок. Бул туурасында бүгүн парламентте укук коргоо органдары билдирди.
1/2

Орозбек Опумбаев

2/2

Кашкар Жунушалиев

1/2

Орозбек Опумбаев

2/2

Кашкар Жунушалиев

Учурда башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттеринде отчет берип жатат.
"Мыйзам баарыбызга бирдей, алдымда генерал Элмурза Сатыбалдиев (мурдагы башкы прокурор — ред.) отурат. Ал Бакиев кетип, Атамбаев келгенде тогуз жыл түрмөгө отуруп чыкты. Генерал Молдомуса Конгантиевдин (мурдагы ички иштер министри — ред.) көзү өтүп кетти. Качып жүргөн эки генерал дагы ак же кара экенин далилдеп, элдин, соттун алдында жооп беришпейби. Ошол кишилерди эл адына алып келип сурак кылбайсыздарбы", — деди депутат Жусупбек Коргонбай уулу.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев жана УКМК төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков алар тарабынан эч иш козголбогонун айтышты. Октябрь окуясы боюнча гана иш козголуп жалпы тергөө жүрүп жатат.
Мындан улам депутат "Опумбаев менен Жунушалиев толук эркиндиктеби? Эртең Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин койсо боло берет экен да?" деп сурады.
Башкы прокурор бул суроого жооп берип жатып, мыйзам боюнча, эгер иш козголбосо, соттун өкүмү жок болсо эч кимге чектөө коюлбастыгын билдирди.
Эске салсак, 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев кызматын таштап кеткен. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары бул эки адамды таап, аларды жоопко тартууну талап кылышкан. Кезинде президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров алар кайда экени белгисиз экенин айтып, изделип жатканын билдирген. Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул ишти Башкы прокуратура карап жатканын айткан болчу.
Аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Аскерде кыйылган өмүрлөр: прокуратура 3 окуя боюнча иш козгоодон баш тартты
Жаңылыктар түрмөгү
0