Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Итибаев: өлкөдө дүйнөлүк ири банктар иштегенде гана инвесторлор келет

© Sputnik / Асылбек БактыбековТуризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев Кыргызстандын туризминин потенциалын эске алып, инвестиция тартууга көңүл буруу керектигин айтты.
Кыргызстанда дүйнөлүк банктардын жоктугу ири инвестиция тартууга тоскоол болууда. Анткени акчанын корголушуна мыйзам чегинде кепилдик зарыл. Бул тууралуу Кайрат Итибаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Итибаев: өлкөдө дүйнөлүк ири банктар иштегенде гана инвесторлор келет
Анын айтымында, ички инвестиция, саясий туруктуулук жана бюрократиялык процесстер так жүргүзүлгөндө гана чоң ишкерлер өлкөдө бизнес жүргүзө алат.
"Кыргызстандын туризминин потенциалы эбегейсиз. Биздин табият, маданият, жаратылыш көптү суктандырат. Өлкөгө келип, акчасын бизнеске салууга кызыкдар инвесторлор көп. Бирок бир топ факторлор аларды кооптондурууда. Кыргызстанда дүйнөлүк ири банктар барбы деп сурашат. Тилекке каршы, андай банктардын жоктугу ири инвестиция тартууга тоскоол болууда. Анткени мыйзам чегинде алардын акчасынын корголушуна кепилдик зарыл. Саясий туруктуулук жана бюрократиялык процесстер так жүргүзүлгөндө гана чоң ишкерлер өлкөдө бизнес жүргүзө алат. Ага карабастан ишкерлерге түзүлгөн шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү айтып, өлкөгө тартууга аракеттер жакшы", — деди Итибаев.
Ошондой эле адис Кыргызстанды таанытууда маалыматтык саясатка көңүл буруп, үзгүлтүксүз иштер жасалышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0