Тарых музейинде Элмирбек Иманалиевдин ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКР эл артисти, залкар төкмө Элмирбек Иманалиев. Архив
КР эл артисти, залкар төкмө Элмирбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
Кечеде акындын чыгармалары ырдалып, ырлары окулат.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. КР эл артисти, залкар төкмө Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум, булбулум ай" аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт. Бул туурасында "Айтыш" республикалык коомдук фонду билдирди.
Иш-чара Улуттук тарых музейинде 20-апрель күнү саат 15:00дө башталат. Кечеде Элмирбек Иманалиевдин чыгармалары ырдалып, ырлары окулат. Ошондой эле сүрөт көргөзмө да уюштурулары белгиленди.
Кечени "Айтыш" фонду жана "Эл акыны Элмирбек" эл аралык коомдук фонду бергилекте уюштурууда.
Сайма фестивалынын уюштуруучуларынын бири Дөөлөт Рысбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Радио
Бишкекте 15-апрель “Сайма-2023” фестивалы өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0