Кыргызстанда туулган космонавт Сергей Корсаков Бишкекке келди

© Фото / Фотохост Конгресса молодых учёных / Медиабанкка өтүүРоссийский космонавт Сергей Корсаков. Архивное фото
Российский космонавт Сергей Корсаков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстанга космонавт-сыноочу Сергей Корсаков келди. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россотрудничествонун жетекчиси Альберт Зульхарнеев билдирди.
Корсаков Бишкекте туулуп-өскөн. Учурда Россияда жашап, эмгектенет. Ал 2022-жылы космосто 195 саат жүргөн.
Мурдараак Космонавтика күнү менен Кыргызстандын борбор калаасынын 145 жылдыгына карата "Жылдыздарга жол Бишкектен башталат" аттуу фестиваль өтөрү айтылган, космонавт аталган иш-чарага катышмакчы.
Андан сырткары, Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда ал журналисттердин суроолоруна жооп берет.
Россиялык космонавт Сергей Корсаков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Россиялык космонавт кыргыз элин космостон куттуктады. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0