Өлкөдө эмдөө маселеси боюнча ишеним телефондор иштей баштады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЭмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив
Эмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
Максат — аталган ооруларды алдын алуу боюнча элге туура маалымат жеткирүү.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Республикалык иммундук профилактика борбору В гепатитине, адамдын папиллома вирусуна жана COVID-19га каршы эмдөө боюнча Call-борбор түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ал күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Максат — аталган ооруларды алдын алуу боюнча элге туура маалымат жеткирүү.
Жарандар эмдөө кампаниясы, вакциналардын мүнөздөмөсү, эффективдүүлүгү жана терс таасирлери бар-жогу тууралуу төмөнкү номерлерге чалып, жооп алса болот: +996 (999) 323 011; +996 (312) 323 011; +996 (312) 323 127.
Түндүк мамлекеттик порталы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Кыргызстанда "Адамдын ден соолугунун санариптик профили" ишке кирди. Максаты
Жаңылыктар түрмөгү
0