Жапаров: "Аюну" 2,5 жылдан бери эркелеттик, укпады. Завод мамлекетке өтүп жатат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАрак заводу. Архив
Арак заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Жазылуу
Президент мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет өзү чыгарарын белгиледи.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. "Аю" компаниясынын спирт жана арак чыгарган зоводу мамлекетке өтүп жатат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчы соцтармакта айрым блогерлер аталган ишкана"кустуруу" кампаниясынын курмандыгы болгонун, анын кесепетинде "Аю" мурдагыдай күпүлдөп иштебей калышына бийликти айыптап жатышканын белгиледи.
"Аю" компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. "Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, бюджетти толтурушубуз керек" деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй акцизди жасалмалап, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен колго түштү. Баасы 40 миллион сомдон ашат. Анан эми спирт менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп мамлекетке өтүп жатат", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарарын айтты.
Кумтөр голд компани ишканасынын мурдагы башчысы Теңиз Бөлтүрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Зулушев: Бөлтүрүк сурак бербей жатат, кымырылган акчанын 831 млн. сому өндүрүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0