Баткенде үйлөрдүн курулушу эмнеге кечеңдегенин текшерүү үчүн комиссия түзүлөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБаткен облусунда курулуп жаткан үйлөр. Архив
Баткен облусунда курулуп жаткан үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Жазылуу
Аткаминердин айтымында, субподрядчы уюм өзүнүн алдына дагы бир субподрядчыны жалдаган. Кийин экөөнүн ортосунда чыр чыккан.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Мамлекеттик курулуш агенттиги комиссия түзүп, Баткенде талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери эмнеге кечеңдегенин текшерет. Бул туурасында аталган агенттиктин директорунун орун басары Азирет Акимов "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди.

"Капчыгай айылында 77 үй бар, учурда бүтпөй турат. Аларды куруу үчүн субподрядчы "Доор курулуш" уюму менен башкы подрядчынын ("Аманат курулуш инвест" — ред.) ортосунда келишим түзүлгөн. Бул жерде 20 күндүн ичинде башкы планы жасалып бүтүп, социалдык объектилердин долбоору иштелип, үйлөр салынып башталган. Ошол учурда субподрядчы өзүнүн алдына дагы бир субподрядчыны жалдаган. Кийин экөөнүн ортосунда өз ара чыр чыгып, жумуш убагында бүткөрүлгөн эмес. Мындан сырткары, эл кышкы суукта курулушту эки айга токтотууну өздөрү суранган. Бүгүнкү күндө 77 үйдүн 60ында ички оңдоо иштери жүрүп жатат, 18инин чатырлары жабылып, төртөөнүн дубалынын үстүнө плита басылууда. "Доор курулуш" жумушун 90 пайызга бүткөндөн кийин комиссия түзүп текшерели деп жатабыз. Эмне себептен өз убагында бүтүрбөй койгонун тактайбыз", — деди Акимов.

Ошондой эле ал Ак-Сай айылында чек аранын аркы-берки бетинде жайгашкан үйлөрдү көчүрүү үчүн жерди трансформациялап, документин даярдоого көп убакыт кеткенин белгиледи. Ал жакта бүтпөй турган сегиз турак жайдын учурда ички жумуштары жасалып жатканын айтты.
Буга чейин өкмөт Баткенде талкаланган 418 үйдү курууга 1,3 миллиард сом бөлүнөрүн билдирген. Президент Садыр Жапаров жаңы жылга чейин баарын куруп бүткөрүүгө тапшырма берген. Бирок ал аткарылбай, кийинчерээк башкы подрядчы "Аманат курулуш инвест" компаниясы март айында иш толук соңуна чыгарын билдирген.
Баткендеги курулуп жаткан үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Тазабек Икрамов: Баткенде үйлөр бүтпөй, нааразычылыктар көп болуп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0