Шашылыш билдирүү! Эртеңден тарта күн сууктап, катуу жаан жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Жазылуу
Күндүн сууктап кетиши бактардын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга зыянын тийгизиши мүмкүн.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 15-апрелде күндүз жана 16-17-апрелде аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги эскертип, шашылыш билдирүү таратты.
Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-апрелде күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.
17-18-апрелде абанын температурасы төмөндөп Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13 градус болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6 (айрым жерлерде 0…-2), күндүз 6…11, Нарындын дыйканчылык аймактарында 1…6 (айрым жерлерде -1…-3), күндүз 6…11 градус жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16 градуска сууктайт.
Суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бактардын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга зыянын тийгизиши мүмкүн.
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Электр энергиясы 1-майдан тарта кымбаттай турган болду. Жаңы тарифтер
Жаңылыктар түрмөгү
0