17-апрелге карата аба ырайы

© Фото / Pixabay / Nikolai ShapovalҮшүк. Иллюстративдик сүрөт
Үшүк. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Жазылуу
17-апрелге караган түнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көлдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк жеринде, Талас, Ысык-Көл жергесинин айрым аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Нарында +6...+11, Талас өрөөнүндө +5...+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көлдө +7...+9 градус болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +8...+10, Ошто +11...+13 градуска жетери айтылды.
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Күн сууктап, катуу жаан жаайт. Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0