Кыргызстанда универсал жана минивэндер канчадан сатылууда. Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан ар жума сайын автоунаалар базарда канчадан сатылып жатканы тууралуу айтып берет. Бул ирет биз соңку бир айда универсал жана минивэндердин баасы кандай өзгөргөнүн аныктадык.
Бааларды autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (сандар дээрлик айырмаланбайт) ресурстарына кирип изилдедик. Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн ар кайсы үлгүдөгү автоунаалардын орточо наркын эсептедик. Инфографикада чыгарылган жылы эң популярдуу болгон машиналардын орточо баасы көрсөтүлдү.
Эң көп сатылган унаалар:
Honda Odyssey;
Subaru Outback;
Toyota Ipsum;
Honda Stepwgn;
Honda Stream;
Toyota Caldina;
Volkswagen Passat B5;
C класстагы Mercedes W203 ;
Audi A6;
Suzuki Liana.
Мындагы маалыматтар сатуучулардын айтуусу боюнча жазылган, демек, ал акыркы баа дегенди түшүндүрбөйт.
Биринчи анализ мартта жүргүзүлгөн, анда доллар Улуттук банктын курсу боюнча 88,5 сом болчу. Кийинки мониторинг 14-апрелде жасалып, валюта курсунда бир нече тыйынга гана айырма болду.
Subaru Outback, Toyota Ipsum, AudiA6, C класстагы Mercedes W203 орто эсеп менен 200 долларга арзандаган.
Башка автоунаалардын наркы бир аз гана өзгөргөн.
Тема боюнча:
Кыргызстанга машина ташуу 2,6 эсеге өстү. Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0