18-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТөө-Ашуу. Архив
Төө-Ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Жазылуу
18-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн үшүк жүрүшү ыктымал.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Шейшембиде күндүз айрым жерлерде жаан, тоолордо кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында +6...+11, Таласта +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +10...+15 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +6...+8, Ош шаарында +13...+15 градусту көрсөтүп турат.
Үшүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Нарында катуу суук болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0