Кыргызстандын жаачылары Ташкентте өтчү Азия кубогуна катышат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаачылар. Архив
Жаачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Жазылуу
Спортчулар биринчиликке башкы машыктыруучу Заирбек Бердибаевдин жетекчилиги алдында барышат.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жаа атуу боюнча Кыргызстандын курама командасынын жети мүчөсү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Аталган мелдеш 30-апрелден 5-майга чейин уланат.
Улуттук команданын тизмеси:
Улукбек Курсаналиев;
Күлчоро Нурманбетов;
Мухаммед-Ислам Алмамбет уулу;
Айтурган Маматкулова;
Жибек Канатбек кызы;
Диана Канатбек кызы;
Элиза Тыналиева.
Кыргызстандык жаачылар Азия кубогуна башкы машыктыруучу Заирбек Бердибаевдин жетекчилиги алдында катышат.
Оор атлетчи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Кыргызстандык оор атлетчилер Түштүк Кореяга Азия чемпионатына барат. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0