Ошто Айт намаз борбордук аянтта өтөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОштун борбордук аянтында Айт намазында мусулмандар. Архив
Оштун борбордук аянтында Айт намазында мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ош шаарында Айт намаз борбордук аянтта өтөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Мындай чечимди жергиликтүү бийлик кабыл алган. Майрамдык намаз 21-апрель күнү эртең мененки саат 07:30да башталат.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-апрелде, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы быйыл Орозо айт 21-апрель күнү белгиленерин жарыя кылган.
Календарь Орозо-2023 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2023
Орозо-2023: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактылары
Жаңылыктар түрмөгү
0