22-апрелге карата аба ырайы

© AFP / LOIC VENANCEЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Жазылуу
Күн жылыганына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда көчкү түшүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ишембиде тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +16…+21, Таласта +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл жеринде +11…+16, Нарын чөлкөмүндө +13…18 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +25…+27 градус болот.
Карандан тамып жаткан суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
26-апрелде Бишкектин бир топ жеринде муздак суу өчүрүлөт. Карта
Жаңылыктар түрмөгү
0