Америкага башка планеталыктар кооптуулук жаратуудабы? Ой толгоо

© AFP / FREDERIC J. BROWNКалифорниядагы айкел. Архив
Калифорниядагы айкел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Жазылуу
Кошмо Штаттарда курал сатуудан кийинки эле кирешелүү "бизнес" башка планеталыктар, "диктаторлор" жана планетанын башка "куугунтуктары" менен күрөш болсо керек...
Жок нерсени издештин өзү кыйын, бирок Пентагон канча жылдан бери белгисиз бир учуучу объектилердин улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруп жатканын айтып, аларга каршы күрөштүн ыкмаларын табуу менен убара тартып келет. Ал тургай атайын департамент түзүп, бир нече НЛО атып түшүргөнүн жар салып, бул үчүн миллиарддаган доллар алгандарына таңданат аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автор бул жолу ушул багытта ой толгогон.
АКШ Коргоо министрлиги 19-апрелде сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинин алдында "Бардык тармактардагы кадыресе нерселерге сыйбаган көрүнүштөрдү (аномалияларды) изилдөөчү башкармалыгынын" иши тууралуу отчет берди. Алардын айтымында, белгисиз объектилер (НЛО же UAP) улам космосто, абада, жер же суу бетинде, кээде суу түбүндө байкалып, АКШнын аскердик объектилерине же операцияларына коркунуч жаратат.
Пентагондун тийиштүү департаменти "НЛОлорду жакшы түшүнүп, аларга чара көрүү үчүн чыңалуу менен иш алпарууда". Илимий жана чалгындоо маалыматтарын талдап, аптасына 650гө чейинки ишти (эпизодду) изилдеп чыгышат. Ынандыруу үчүн Пентагон сенатка MQ-9 учкучсуздары тартып алган НЛОлордун тасмасын көрсөттү.
Буга дал келип калдыбы же капыстанбы, айтор, 19-апрелдин кеч бешиминде Киевдегилер көктөгү жарыкты байкашкан. Андан чыккан нурлар шаардын көчөлөрүнө чейин жарыктандырган. Украиналык президенттик администрация башчысы Андрей Ермак Украина Куралдуу күчтөрүнүн аба чабуулунан коргонуучу каражаттарын НЛОну талкалаганы тууралуу версияны дароо четке какты.
RHESSI америкалык космостук аппараттын орбитадан тайып кетиши жөнүндөгү кабарды да Пентагон тастыктаган жок. Украинанын космостук агенттиги бул көрүнүштү Лирид агымынан ири метеориттин кулашы менен түшүндүрсө, ал эми киевдик коомчулук россиялык радиоэлектрондук күрөш каражаттарынын "таасиринен" америкалык чалгындоочу спутник кулаганын талкуулап жатып калышты.
Бул Германиядагы Рамштайн авиабазасында өтө турган Украина Куралдуу күчтөрүнүн "донор өлкөлөрүнүн" кезектеги жыйынын утурлай Батышка эскертүү болгон өңдүү. Ошол эле күнү The Washington Post басылмасы Россия "Тобол" системасы аркылуу Украинанын үстүндөгү Starlink спутниктеринин ишин бузууга аракет кылып жатканын маалымдады. Кандай болгон күндө да киевдик режимдин күндүзү да, түнү да улам кооптуу тартып барат.
Мурдараак Аляска, Түштүк жана Түндүк Каролинанын жээктеринде АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн истребителдери Мичиган штатындагы Гурон көлүнүн үстүнөн сегиз күн аралыгында төрт НЛО атып түшүрүшкөн, бирок объектилер жарылбай, сыныктары да табылбай калганы кызык. Айтор, АКШ менен Киевдин үстүндөгү НЛО бир топ күдүк ойлорду жаратты, аларга азырынча жооп да жок. Белгисиз сырларды бир топ жылдан бери Пентагондун адистери чече албай келишет.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен НАТОнун көмөгү Украинаны "жардан учурганы" калды. Сереп
АКШ коргоо министри Ллойд Остин жана анын жогорку кызматтагы пикирлештери кечээ жаңы коркунучтар, аларга каршы туруу чаралары жана ошол күрөшкө жумшалчу каражаттар туурасында айтып беришти. Башка планеталыктардан тышкары, америкалыктар россиялык, кытайлык, түндүк кореялык акыркы үлгүдөгү иштелмелерден, алардын бардык класс жана диапозондогу ракеталык комплекстер менен жабдылышынан катуу жүрөксүнөт.
Ал эми Украинанын ракеталык чабуулдан коргонуу тутуму россиялык атайын аскердик операциянын жүрүшүндө Пентагонду 35 млрд долларга чыгым кылды. Ошондуктан Конгресс коопсуздук жана Американын улуулугун сактап калуу үчүн Коргоо жана аскердик курулуш жөнүндөгү мыйзамды тез арада кабыл алганы дурус.
АКШ Коргоо министрлигинин өтүнүчтөрү асман чапчыйт:
космостук мүмкүнчүлүктөрдү заманга бапташтыруу, душмандын ракеталарынын жана инфракызыл объектилеринин изине көз салууга – 5 млрд доллар;
Lockheed Martin корпорациясынан жаңы муундагы колго түшүрүүчү учакка – 2,2 млрд доллар;
Standard Missile 3, Terminal High Altitude Area Defense жана Patriot PAC-3 үчүн – 2,2 млрд доллар;
кыйла төмөн деңгээлдеги ракеталык коркунучтарга туруштук берүүгө – 1,5 млрд доллар;
Гуамдын коргонуусуна – 1,5 млрд доллар...
Тизме дагы толук эмес, ошентсе да Пентагондун "алкымын" даана чагылдырат. Быйыл анын бюджети 850 млрд доллардын тегерегинде экени белгилү. Америкага эч кандай коркунуч жаралбаган жай убакта мындай сумма — рекорддук көрсөткүч.
АКШдагы россиялык элчи Анатолий Антонов кечээ Newsweek басылмасына берген маегинде Вашингтондун өзү "стратегиялык туруктуулук боюнча эки тараптуу диалогду бир жактуу түрдө токтоткон. Болбосо, анын башкы максаты – куралданууга көзөмөл жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча келечекте көрүлө турган чараларга негиз салуу эле" деген ойлорун ортого салган.
The Wall Street Journal басылмасы өздөрүн демократиянын сакчылары атап алган Кошмо Штаттар планетада жалгыз экенин, себеби тынымсыз насаат окуп, зекип же санкция салгандарды кимдин кыртышы сүйсүн деген тейде жазып чыкты. Анан да Америка тарабынан туш келди талкаланган Батыш дүйнөсүн прогрессивдүү тышкы саясаттын "жеңиши" катары таанытуу да мүмкүн эмес.
Ири суммадагы акчалар көпчүлүктүн акылын тумандатат, реалдуу максат коюуга бөгөт болот. Ошол себептенби, Пентагон эми НЛОлордун изин кубалоодо. АКШнын гиперүндүү ракеталары долбоор жүзүндө гана турат. Ал эми SpaceX космостук учкучсуз кемеси учурулгандан бир нече мүнөт өтпөй жарылды. Ошондуктан дүйнөнү тескейм деген "америкалык кыялга" башка планеталыктар да чындап эле жылмайып турушса керек...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
Аткаминер жана аскерлер НАТОнун логотиби жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Украинада керемет болуп кетет деп ишенип тургандай... Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0