Бишкектин аянтына батпай... Айт намазын окуган он миңдеген элдин видеосу

Жазылуу
Борбор калаада бүгүн эртең менен Айт намазы окулуп, эски аянтка он миңдеген адам чогулду. Майрамдык намазга президент Садыр Жапаров баштаган жогорку бийлик өкүлдөрү да катышты.
Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев келгендерди куттуктап, андан соң намазды алып барды.
Ал эми мамлекет башчы Жараткандан Кыргызстанга береке, тынчтык жана өнүгүү беришин сурап, элге сабырдуулук, биримдик, бейпилдик ыроолошун каалады.
30 күндүк орозодон кийин белгиленген Айт майрамы элдин биримдигин бекемдеп, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырат. Бул күнү алыскы-жакынкы туугандардан кабар алып, ал-жайын сурап, эски таарынычтарды кечиришет.
Тема боюнча:
Аруу тилектер айтылды. Кыргыз элин жана өлкө башчысын куттуктаган президенттер
Айтыңыздар маарек болсун! Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0