ИИМ: бомба тууралуу жалган маалымат тараткандар 5 жылга эркинен ажыратылат

© Sputnik / Табылды КадырбековСмс жазган киши. Иллюстративдик сүрөт
Смс жазган киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Жазылуу
Кечээ Бишкектеги 10го чукул мектепке бомба коюлганы кабарланып, ичиндегилер эвакуацияланган. Акыркы учурда борбор калаада мындай жоруктардын саны көбөйүүдө.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлиги билип туруп террордук акт (бомба) тууралуу жалган маалымат тараткан жаран беш жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти. Мындай жорук Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси ("Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо") боюнча кылмыш иш болуп саналат.
Маалыматта бомба жөнүндө жалган билдирүү тараткан адам коомдук коопсуздукка кол салып, уюмдардын жана ишканалардын ишин бузуп, укук коргоо органдарынын күчүн жана каражатын максатсыз коротулушуна себепкер болору айтылат.
"Сиз бомба (террордук акт) тууралуу жалган маалымат таратарыңыз менен кылмыш аяктаган деп эсептелинет. Мындай кылмыш оозеки же жазуу түрүндө, телефон менен чалуу же мессенжерлер аркылуу жасалышы мүмкүн. Көп учурда маалымат жашыруун берилет. Бирок кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалымат берген-бербегени маанилүү эмес", — деп эскерткен ИИМ.
Милиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Бишкек: 10го чукул мектепке бомба коюлганы кабарланып, ичиндегилер эвакуацияланды
Жаңылыктар түрмөгү
0