Шакиев: Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына тургузулган эстеликтер бузулбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы Өчпөс от. Архив
Бишкек шаарындагы Өчпөс от. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Жазылуу
Спикер ар бир кыргыз бала кезинде Дүйшөнкул Шопоковдой, Чолпонбай Түлөбердиевдей же Иван Панфиловдой болсом деп кыялданып чоңойгонун белгиледи.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналып тургузулган эстеликтер бузулбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "Российская газета" басылмасына берген маегинде айткан.
Журналист жалпы тарыхтын трагедиялуу, ошол эле учурда баатырлыкты көрсөткөн барактары Улуу Ата Мекендик согуш экенин айтып, бүгүнкү күндө айрым жерлерде СССР менен Германияга тең кароо керек деген жүйө менен согуш ардагерлерине арналган эстеликтердин бузулуп жатканын белгилеген. Шакиевге Кыргызстандагы абал тууралуу суроо узатылды.
"Биздин ата-бабаларыбыз СССР үчүн, Мекен үчүн чогуу күрөшкөн! Баатырларча курман болушкан. Көбү согуштан кайтпай калды. Кыргызстан чакан өлкө болгону менен Советтер Союзунун Баатырлары көп. Алардын ар бири жөнүндө эпос жазса болот. Ар бир кыргыз бала кезинде Дүйшөнкул Шопоковдой, Чолпонбай Түлөбердиевдей же Иван Панфиловдой болсом деп кыялданган. Панфиловчулар биздин мекендештер эмеспи. Ошол ата-бабаларыбыздын эрдигин унуткаруу мүмкүнбү? Такыр мүмкүн эмес. Андыктан Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналып турузулган эстеликтер ошол бойдон калат", — деп жооп берген Шакиев.
Афганстан жана башка согуштардын ардагерлеринин Майдандагы бир туугандык коомдук кыймылынын  төрагасынын орун басары Эмилбек Ункуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Радио
"Өлбөс полк" жүрүшүнө 60 миңден ашык адамдын катышары күтүлүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0